www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 30-июлда Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын Коммерция департаменти уюштурган «Кытай (Шаньдун провинциясы) – Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер» аттуу соода-экономикалык кызматташтык боюнча конференция өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышып, борбор калаанын инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды.

Конференциянын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясы менен Шаньдун провинциясынын Коммерция департаментинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документ соода-экономикалык, инвестициялык жана өнөр жай тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Мындан тышкары, конференциянын алкагында Бишкек мэриясынын өкүлдөрү Кытайдын мамлекеттик органдары жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, инвестиция тартуу, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, өнөр жай жана санариптик технологиялар жаатындагы кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Последние новости