www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) кеңеши Орусия жана Беларусь хоккей федерацияларынын дүйнөлүк мелдештерге катышууга уруксат берүү өтүнүчтөрүн кайра карап чыкты.

Чечимге ылайык, Орусиянын курама командасы 2026–2027-жылкы сезондо эркектер, жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы бардык дүйнө чемпионаттарына катыша албайт. Мындай чечим коопсуздук, коомдук тартип жана спорттук калыстыкка байланыштуу тынчсыздануулардан улам кабыл алынганы айтылды. Ал эми аялдар арасындагы дүйнө чемпионатына катышуу маселеси 2026-жылдын ноябрында кайра каралат.

Беларусь курама командасы да коопсуздук жана коомдук тартипке байланыштуу себептерден улам эркектер жана жаштар арасындагы дүйнө чемпионаттарына катышпайт. Башка мелдештер боюнча азырынча маалымат жарыялана элек.

Орусия менен Беларусь хоккей командалары 2022-жылдан бери эл аралык мелдештерден четтетилген.

Последние новости