www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында 119 көп балалуу энеге мамлекеттик сыйлыктар салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, алардын 59у «Баатыр эне» ордени, ал эми 60ы «Эне даңкы» медалы менен сыйланды.
Иш-чарада энелердин өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодогу жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоодогу орду өзгөчө белгиленип, аларга каалоо-тилектер айтылды. Ошондой эле сыйлык ээлерине арналган концерттик программа уюштурулуп, шаардык мэрия тарабынан акчалай колдоо көрсөтүлдү.
Бүгүнкү күндө Ош шаарында 695 эне «Баатыр эне» ордени, ал эми 313 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланган. Шаар мэриясы көп балалуу энелерди мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүп келет.