www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарына жаңы мэр шайланды

Бүгүн, 26- августта Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында борбор калаанын жаңы мэри шайланды. Шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы буга чейин мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиедин талапкерлигин сунуштаган.

Добуш берүү жараяны жашыруун добуш берүү менен жүрдү. Ага, алты фракциядан турган шаардык кеңештеги 45 депутат катышты. Жараянга көз карандысыз эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, байкоочулар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Шайлоонун жыйынтыгы менен калаа башчылыкка сунушталган жалгыз талапкерди жыйынга катышып жаткан 45 депутаттын 43ү колдоду. Экөө каршы добуш берди.

Белгилей кетсек, Айбек Жунушалиев 1976-жылы Чүй облусунун Кегети айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен билим алган.

Эмгек жолун Кыргыз улуттук университетинде темир уста-сантехник болуп баштап, кийин аталган окуу жайда окутуучу болгон.

2010-2014-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы болгон. Кийинчерээк, өкмөттө иштеп, 2015-жылы Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген.

Кийин Айбек Жунушалиев өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Май айында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости