www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын тургунуна 230 айып пул кагазы келген

Бишкек шаарынын тургуну Данияр Абдыжапаровго жалпы 230 айып пул кагазы келген. Бирок ал унаасын мындан 8 жыл мурун сатып жиберген. 

“2012 -жылы эч кандай “коопсуз шаар” долбоору жок болгондуктан мамлекет “ишеним кат” менен сатууга жол берген. Ал эми унааны саткан адамга жолуксам , ал киши дагы башка бирөөгө бир жылга жетпей сатып жиберген экен. Азыркы унаанын ээси дал ушул учурда да жол эрежесин бузуп жаткандыр. Республиканский ГАИге барып кайрылсам, званиясы бар эле адам күлүп туруп, аркасынан аңыдып эле кармабасаңыз азыр эч ким кармабайт деди”, – дейт тургун.

Маалыматка ылайык 5500 сомдук айып пулдан -19, 300 миң сомдук айып пулдан  -88, 1000 сомдук  айып пулдан -22 жолу айып кагаздары келген. Жалпы жол эрежеси 230 жолу бузулуп, 560 миң сом каражат төлөөгө милдеттендирилген.

Ал эми жабырлануучу өзүн жашоо шарты жакшы эмес экендигин айтып, 10 миң сом айлык  менен беш баласын багып жаткандыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости