www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын мектептеринде окуучулардын катышуусунда жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу өлкөнүн Элдик билим берүү министрлигинин мектептерге жөнөткөн 11-декабрдагы катында жазылган.

Ага ылайык, мектептерде Жаңы жылды белгилөөгө байланышкан кандайдыр бир иш-чараларды өткөрүүгө, бул үчүн ата-энелерден акча чогултууга, ошондой эле мектептин класстарын жасалгалоого болбойт.

Катта министрлер кабинетинин 16-ноябрдагы жыйынында ар жылкы «Президенттик балаты» майрымын «Болажон» жана Yoshlar телеканалдары аркылуу телемарафон кылып өткөрүү чечими кабыл алынганы жазылган.

Документте мындай чечим коронавирус пандемиясы маалында окуучулардын саламаттыгын коргоо максатында кабыл алынганы белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости