www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 11-апрель күнү Бишкек ШИИББде ИИМдин Коомдук кеңешинин жыйыны өттү. Аларды Бишкек ШИИББдин башчысы Канат Джумагазиев тосуп алып,  бөлүмдүн жетекчилик курамы чогулган жыйындар залына коштоп барды.

Коомдук кеңештин төрагасы Ялкун Даутов катышуучуларды Кеңештин мүчөлөрү менен тааныштырып, жыйындын максаты менен тапшырмалары жөнүндө маалымат берди. Анын айтуусунда, алар милиция бөлүмдөрүнө көзөмөлдөө үчүн гана барбастан, алардын көйгөйлөрү тууралуу билип, аларды чечүүнү көздөшөт. Ошондой эле, бул жыйындын жүрүшүндө жаңы кодексттер менен мыйзамдардын алкагында ШИИББдин ишмердүүлүгү, тергөө жана алгачкы текшерүүчү органдардын иши, ушул жылдын биринчи чейрегиндеги “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашып жаткандыгы, туристтик милициянын иши жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо тууралуу таанышууну көздөп жатышат. Ялкун Даутов, министр Кашкар Джунушалиевдин макулдугу боюнча шаардык милиция бөлүмдөрүнүн бардыгына барууну ойлоп жатышкандыгын билдирди. Бул жогулушууларда райондордун жашоочулары дагы катышып, жарандар тарабынан көтөрүлгөн маселелер талкууланып, аларды чечүүгө аракет кылышат.

Коноктордун алдында кыскача баяндамалары менен бир нече бөлүмдөрдүн башчылары чыгып, өздөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө маалымдашты. Андан сырткары, жаңы кодекстерди киргизүүнүн жүрүшү жөнүндө маселелер каралды.   Милиция кызматкерлеринен кийин сөздү Коомдук кеңештин мүчөлөрү улантты. Мисалга алсак, Александр Зеличенко Бишкек ШИИББи ички иштер органдарынын бардыгына үлгү болуш керектигин баса белгиледи. Андан сырткары туристтик милициянын түзүлгөндүгүн кубануу менен кабыл алып, анын түзүлүшүнө Коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн дагы салымы бар экендигин билдирди.

Ошондой эле, насаатчылык тажрыйбасын күчөтүү керектигин айтып өттү. “Коопсуз шаар” долбоору башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде кеч болгону менен, биз аны түздүк жана аны өлкөнүн бардык аймагына жайылтуу керектигин сунуштады. Бишкек ШИИББдин башчысы Канат Джумагазиев жолугушуунун аягында Коомдук кеңештин мүчөлөрүнө ыраазычылыгын билдирип, өлкөнүн өнүгүшү үчүн коомдук пайдалуу иштерди жүргүзө беришин каалады.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости