www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаз келди, "Тракторбек" ойгонду...

Жаз жарыш, күз күрөш деген сөз бар. Албетте, бул нуска кеп башка мааниде айтылганы менен жаңы кыргыздар муну таптакыр башкача түшүнүп алышкандай. Дегеним, жаз келсе эле биздин саясатчылар «кычыша» баштайт. Чээнден чыгышат. Айталы, 2017-жылдагы Президенттик шайлоо маалында атын булгап алган Бакыт Төрөбаев бир топ убакыт дымып жатып, быйыл жаз алды менен кайрадан жандана баштады. Бул кысталактын эмне себептен «тирилгени» белгилүүда.

Кийинки 2020-жылы парламенттик шайлоо. Ошого утурлай баш көтөргөн эргул өткөнун унутуп, кадимкидей акыл үйрөтүп атат, эй!

Добуш топтоо үчүн элге кантип жагынуунун аргасын издеп күйпөлөктөп, кандай жол менен өзүмдү пиарласам деп убара тартууда. Эч кимди тааныбай эдиреңдеген нойондун эсине салып коёлук, баягы 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында берген убадалар кайда? Анын 95% пайызы аткарылган жок. «Жарык шаар» деп бакылдаган Төрөбаев жарык жөнүндө ооз ача элек... Же өзүнүн жашаган үйү менен короо жайын эле жарыктандырып алса ал үчүн «жарык шаар» болуп калабы? Андан көрө жаз менен кошо бая-аа-гы «тракторлорун» минип чыгып, жер айдаса элге пайда келтирбейт беле. Арийне, анысы деле куру көрсөтмө курал эмес беле.

Булак: "Де факто"

Последние новости