www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунун Күн-Туу айылында болгон жол кырсыгынын кесепетинен эки классташ каза болду. Бул тууралуу маалыматты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, 25-сентябрда жүргүнчү ташыган автобус менен жеңил унаа кагылышкан. Автобуста 8 адам, жеңил унаада 4 адам болгон. Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаада 2002-жылы туулган мурдагы 4 классташтар бара жаткан.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, ошол күнү алар Күн-Туу айылындагы мурунку классташына конокко барышып, үй иштерине жардам беришкен. Кырсыктын кесепетинен алардын бири ооруканага бара жаткан жолдо каза болуп, калгандары окуя болгон жерден Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткирилген. Ооруканада жаткандардын бири кечээ, 2023-жылдын 30-сентябрында каза болгон. Ал ооруканага түшкөндөн бери комада жаткан. Экөөнүн абалы жакшырып, жалпы палатага которулган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жүргүнчү ташыган автобустун айдоочусу Мерседес үлгүсүндөгү унааны өткөрбөй коюп, кагылышуу болгон.

Каза болгондордун жакындары бул иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлбөй жатканын, окуя боюнча жабырлануучулар суракка алынбаганын айтышкан. Автобустагы жүргүнчүлөрдүн абалы азырынча белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости