www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирактын Хамдания шаарында үйлөнүү үлпөт тойдогу каргашалуу окуядан кийин аман калган жаш жубайлар аталган өлкөдөгү телеканалдардын бирине маек берген. Анда алар тирүүнүн өлүгү болуп жүрүшкөнүн айтышкан. 

"Мен келинчегимди колдон алып, ашкана тараптан сыртка алып чыгууга аракет кылдым. Элдер дагы качып жубайымды тебелеп, анын буттары жабыркады. 

Бул окуя эмне үчүн биз үйлөнгөн күнү болду? Биз эмне кылдык? Мындан ары биз бул жакта жашай албайбыз. Бактылуу болгонго аракет кылган сайын, башыбызга каргаша келип, бактыбызга тоскоол болуп жатат. Эң жакшысы биз кетишибиз керек. 

Келинчегим 10 эң жакын адамынан айрылды. Апасы, агасы... Учурда такыр сүйлөй албай жатат. 

Биз силердин алдыңарда тирүү отурганыбыз чын, бирок биз ичибизден өзүбүздү жансыз сезип жатабыз", - деген тою трагедияга айланган Реван.

Учурда үй-бүлө эл көзүнөн жашырынып жүргөн кези. Себеби Хамдания шаарынын тургундары жубайларды каза болгон адамдардын өлүмүнө айыптап, жоопкерчилик алардын мойнунда экенин айтып чыгышкан. 

Эске салсак, 26-сентябрда Ирактын Хамдания шаарындагы 900 адамдын катышуусундагы үйлөнүү үлпөт тойдо өрт чыккан. Al Arabiya агенттигинин маалыматына караганда, тилсиз жоодон 120 адам каза болгон. Өрт фейерверктен улам тез тутанган кездеменин күйүп кеткендигинен келип чыкканы айтылат.  

27-28-сентябрда каза болгондор жерге берилип, өлкөдө 3 күндүк аза күтүү жарыяланган. 

Аталган маек чыкканга чейин эки жаштын каза болгону айтылган. 

@amarxamz Instagram- amarxamz #grieving #heartbreaking #bridegroom #northerniraq #wedding #fire #yaallah🤲🤲🤲 #🥺💔🤲 #prayers #hamdaniya #interview #update #saddest #rip #sadness ♬ original sound - Amar

Булак: NazarNews.kg

Последние новости