www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 64 курулуш бузулууда. Себеби

Бишкек шаарында Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде 64 объектини бузуу иштери башталды. Ал жерде заманбап эстакадалык көпүрөнү камтыган транспорттук түйүн курулат. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын арасында жеке менчиктеги жер тилкелери, ошондой эле убактылуу пайдаланууга берилген муниципалдык жерлер бар. Мындан тышкары, айрым объектилер Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасында жайгашкан.

Чарбалык субъекттердин ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү эскертмелер берилди. Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан келишимдери мыйзам чегинде токтотулган объектилерди демонтаждоо иштери башталды.

Шаар тургундарын шаарды өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясы мамлекеттик актылары бар жер тилкелеринин ээлерине альтернативалуу жерлерди же тиешелүү акчалай компенсация сунуштайт.

Бишкек шаарынын мэриясы процесстин ачыктыгын камсыз кылуу жана бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу максатында жарандар жана ишкерлер менен иш алып барууну улантат.

Белгилей кетсек, Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан жолдорду реконструкциялоо программасынын алкагында 2026-жылдын I кварталында 246 жеңил типтеги объект жана 152 капиталдык курулуш демонтаждалган.

Последние новости