www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Европа иштери боюнча мамлекеттик министри Гюнтер Кричбаумду кабыл алды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнү, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.
Жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун, ошондой эле “Борбор Азия – Германия” форматындагы диалогду бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан Германия менен гидроэнергетика, айыл чарба, транспорт, логистика, инфраструктура жана туризм тармагында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди иш жүзүндө алга жылдырууга умтула тургандыгын ырасташты.