www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын Стратегиялык тышкы байланыштар кеңешинин башчысы Камаль Харази каза болду. Бул тууралуу “Фарс” агенттиги маалымат тараткан.
Маалыматка ылайык, 81 жаштагы саясатчы АКШ жана Израиль тарабынан жасалган чабуулдар учурунда алган жаракаттарынан улам көз жумган.
Эске салсак, 1-апрелде АКШ менен Израилдин чабуулдары маалында Харазинин Тегерандагы резиденциясына сокку урулган. Бул окуяда Камаль Харази оор жаракат алып, анын жубайы каза болгон.
Белгилей кетсек, Камаль Харази көп жылдар бою Ирандын саясий системасында маанилүү кызматтарды аркалаган. Ал өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменейдин башкаруусу учурунда башкы кеңешчи болуп иштеген.
Ошондой эле ал мурда Ирандын Тышкы иштер министри кызматын да аркалаган.