www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы 1981-жылы туулган Базаркулова Аида Асанбековна изделип жатканын билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, 15-июлда ИИБге анын эжеси арыз менен кайрылган. Ал Аида Базаркулова 8-июнда болжол менен саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Кудайберген көчөсүндө жайгашкан батирден чыгып кеткен бойдон үйүнө кайтып келбегенин билдирген. Анын кайда экени азыркыга чейин белгисиз.
Бул факт Ленин РИИБдин маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган.
Дайынсыз болуп жаткан жарандын белгилери:
- бою 150–155 см, дене түзүлүшү орто;
- чачы кыска, кара түстө;
- жоголгон күнү эмне кийип жүргөнү белгисиз.
Ленин РИИБ Базаркулова Аида Асанбековнанын кайда экенин билген же аны издөөгө жардам бере турган маалыматы бар жарандардан төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранат:
0312 35-26-05;
0312 35-12-70;
0224 214 346.