www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында делегация менен бирге Кыргызстандын Улуттук тарых музейине барды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, конокторду музейдин директору Назгүл Өмүрзакова тосуп алып, кыргыз элинин тарыхын, маданий мурасын жана мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу жолун чагылдырган туруктуу экспозициялар менен тааныштырды.

Экскурсиянын жүрүшүндө делегация археологиялык жана этнографиялык коллекцияларды, ошондой эле эгемендүү Кыргызстандын өнүгүүсүнө арналган көргөзмөлөрдү көрүп чыкты.

Музейге болгон сапар Беларусь тышкы иштер министринин расмий иш сапарынын маданий программасынын алкагында өтүп, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын бекемдөөгө багытталганы белгиленди.

Последние новости