www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Кайгуул милициянын унаасы Чыңгыз Айтматов проспектисинде улгайган аялды сүзүп кетти. Маалыматты шаардын Кайгуул милициясынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 21-январда, саат 10:00дө катталган.

--“Айтматов проспектиси менен Славянский көчөсүнүн кесилишинде жолго чуркап чыга калган 62 жаштагы аялды айдоочу коюп кеткен. Жабырлануучу атайын унаа менен ооруканага жеткирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Милициянын кызматтык унаасы айып короого киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости