www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ат-Башыга курула турган логистикалык борбордун  пайдасынан зыяны көп” - деди бүгүн, 22-январда NazarNews маалымат агенттигине экономика илимдеринин кандидаты Нурлан Токобаев.

-Нурлан мырза, Ат-Башы районунун аймагына бажы-логистикалык комплексин куруу демилгеси эмнегедир кайра жанданды. Ал жерге логистикалык борбор куруунун зарылчылыгы барбы?

-Чындыгында, Кыргызстанга логистикалык борбор куруу бүгүнкү күндүн талабы. Бирок, кандай логистикалык борбор куруу керек деген маселе да бар. Айтайын дегеним, Кыргызстанга  башка өлкөнүн каражатына эмес, өзүбүздүн каражатка курула турган логистикалык борбор  керек! Же, One Lead One Trading Limited кытай компаниясынын жетекчиси Лю Инь 30 миллион долларга куруп берем деген логистикалык борборду Кыргызстандын бизнесмендери деле кура алат. Тагыраагы, бул долбоорду ишке ашырууга бизнесмендер эле эмес, бир эле чиновниктин кудурети жетет деп ойлойм. Ошон үчүн  Кытайларга жөнү жок  карыз боло бербей эле өзүбүз деле куруунун жолун тапсак болот.

-Кытайлар менен бирдикте куруу кооптуу деп ойлойсузбу?

-Өлкөбүздөгү кырдаалды эске алганда, Кыргыз мамлекети мындай ири долбоорлорду Кытай менен ишке ашырууга жана Кыргызстандын пайдасына иштетүүгө даяр эмес! Анын бир канча  себептери бар: Биринчиси, мамлекетибизде долбоорду ишке ашырууда толук жоопкерчиликти бир адам мойнуна алыш керек. Азыр андай жоопкерчиликти эч ким албайт, алгысы да келбейт. Экинчиси, кытай тилин билген инженер, куруучу, баалоочу жана башка адистер жетишпейт. Ал турсун аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин мамлекеттик кызматкерлери иштеп чыга албагандыктан, жеке секторлорго кайрылып, кымбат баага түздүрүшөт. Ал долбоор узак мөөнөттүү камтыгандыктан, мамлекеттик кызматтагы  адистери өзүлөрү иштеп чыгуусу зарыл. Себеби, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин кымбат баага түзүп берген адистер дароо акчасын алат да, ошол бойдон жок болушат.

Үчүнчүсү, Ат-Башыга курула турган логистикалык борбордун пайдасынан зыяны көп! Логистикалык борбор курабыз деп, ата мекендик өндүрүшчүлөрүбүздү, рыногубузду жоготуп алышыбыз да мүмкүн. Себеби,  Кыргызстанда майда өндүрүш көйгөйү, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгү чектелүү.

Эң өкүнүчтүүсү, Экономика министрилигинин алдындагы Мамлекеттик жана өнөктөштүк борборунун директору Данияр Абдылдаев  демилгеленип жаткан  логистикалык борборду   куруунун негизги максаты “чет өлкөдөн келген импорт товарларды ылдам жана тез арада бажы процедуралардан өткөрүү инфраструктурасын жолго салуу» - деди. Демек, анын айтканына таянсак,  мамлекет Кыргызстандын рыногун кытай товарлары басып кетүүсүнө өбөлгө түзүп жаткандай  иш башталганын каңкуулайт.   

-Баса, айрым экономисттер дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) мүчө болуп, ата мекендик өндүрүштү талкалап алдык деп калышат. Чын эле дүйнөлүк соода уюмуна кирип, анын пайдасынан зыянын көбүрөөк тартып калдыкпы?

-КМШда биринчилерден болуп Кыргызстан 1998-жылдары Дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) мүчө болгон. Ал уюмга мүчө болгондон кийин көптөгөн ата мекендик өндүрүүчүлөрүбүз Кытайдын товарларына туруштук бере албай, банкротко учурап, экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирди. Мамлекетибиз импортко көмүлүп, жумушсуздуктун айынан канчалаган жараныбыз түрдүү иштер менен алек болду. Көпчүлүгүн "Дордой" базары сактап калды.

-Баса, айрымдар логистикалык борбор курсак, кен байлыктарыбызды контробандалык жол менен кытайларга тарттырып жиберебиз деп кооптонуп  жатышат го. Буга не дейсиз?

-Негизи мамлекетте болуп жактан контрабандалык системаларды да эске алсак ашыкча болбойт. Жогору жакка ишеним жоголгондон бери эл да чочулап, түрдүү божомолдорду айтып, логистикалык борбордон дагы кооптонуп жатышат. Логистикалык борбор аркылуу Кыргызстандагы болгон кен байлыктарыбызды контрабандалык жол менен тарттырып жибербейли деп кооптонушууда. Себеби, Кыргызстанда 2000 ден ашык кен казуу боюнча лицензиянын көпчүлүгү кытай компанияларына таандык дешет.

Ошондуктан, мамлекетке инвестиция тартуу керек десе, инвестор аттуунун  баарын киргизе бербей алгач инвестордун пайда – зыянын талдап, алдыңкы технологияларга ээ болгонун жана тажрыйбасын эл менен бөлүшө ала турганын  гана  Кыргызстанга киргизишибиз керек деген пикирдемин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости