www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Human Rights Watch» (HRW) укук коргоо уюму орус бийлигин оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө каршы куугунтукту токтотууга чакырды. Бул тууралуу аталган уюм 22-январда тараткан билдирүүдө айтылат.

«Орус бийлиги оппозициянын лидери Алексей Навальныйга тилектештик иретинде 23-январга белгиленген нааразылык акцияларынын алдында активисттер менен студенттерди коркуп, куугунтукка алып жатат», деп билдирген эл аралык уюм.

Ошондой эле билдирүүдө бийлик учурда нааразылык акциясына катышуу боюнча социалдык тармактардагы чакырык камтыган постторду өчүрүп жатканына көңүл бурулган.

Буга байланыштуу баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан эл аралык уюм адамдардын тынч акцияларга чыгууга укугу бар экенин белгилеп, орус бийлигин куугунтукту токтотууга чакырган.

Орус бийлиги апта соңуна белгиленген ири нааразылык акцияларынын алдын алыш үчүн убактылуу тергөө абагындагы оппозициячыл лидер Алексей Навальныйдын тарапташтарын четинен кармап жатат.

21-январда Навальныйдын бери дегенде беш үзөңгүлөшү: Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристтери Любовь Соболь, Владлен Лось, Навальныйдын Краснодар аймагындагы штабынын координатору Анастасия Панченко, фонддун иликтөө тобунун башчысы Георгий Албуров жана Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш кармалды. Кийинчерээк Соболь коё берилсе, калгандары полиция имаратында калтырылды.

Орусиянын Ички иштер министрлиги билдирүү таркатып, нааразылык жыйындарына чакыргандар административдик жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

Германиядан Орусияга учак менен кайтып келгенден кийин, 17-январда «Шереметьево» аба майданында кармалган Навальныйды колдоо иретинде анын тарапташтары калайыкты 23-январда бүткүл өлкө боюнча нааразылык митингдерин уюштурууга чакырышкан.

Алексей Навальныйга карата «Ив Роше» деп аталган иш боюнча шарттуу жаза камакка алууга алмаштырылары айтылып, 30 күнгө камакка алынган.

Оппозициячыл саясатчы кармалган соң көптөгөн өлкөлөрдүн жетекчилиги орус бийлигинин аракетин сынга алып, бошотууга чакырышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости