www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Атадан алтоо болсо да, ар жалгыздык башта бар». Жаныңда жарың жатса да, жан дүйнөң жабыркап, жалгыздык сезип турса, чыныгы арман ошол! Мындай пикирин алып баруучу, актриса айым Назира Айтбекова өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

«Жалгыз экен» дешет, боор оорушат, «Байкуш» дешет, жек көрүшөт, сын тагышат, күнөөсүз жерде күнөөлөшөт, кызганышат, кызаңдашат, койнундагы эрин тарттырып алуудан коркушат, кооптонушат, тийишишет, сынашат, ар кыл сунуш жасап көрүшөт... Айтор, коомдун ар кандай мамилесин көрөсүң!

«Бактысыз» дешет. Болгон ыпынды, арамдык, бактысыздык жалгыздыкка жабышып, болгон таалайдын баары эрдин маңдайына бүтүп калгансышат! Түндүн күнү жок экен деп жашооңордон чийип сала албаган сыңары, жалгыздыкты бактысыздык тура деп чийип сала албайсың! Жашоого жалгыз келебиз, жалгыз кетебиз!

«Атадан алтоо болсо да, ар жалгыздык башта бар». Жаныңда жарың жатса да, жан дүйнөң жабыркап, жалгыздык сезип турса, чыныгы арман ошол! «Эптеп эле эр кылып, тийип албайсыңбы?» дешет. Жалгыздыкты жаман деп корккон адамдар алар. Жалгыздыкты жан жолдош кылганды билбегендер, корккондор, жабыркагандар... Жалгыздык жаман эмес.

Жалгыздыкта өзүң менен беттешкен, уятыңдын, абийириңдин үнүн уккан, чындык менен жекеме жеке чыккан жамандыр алар үчүн! Ошондон коркуп, жашынганга адам издешсе керек... ким билсин? Беттешкен соң, жалгыздыкта өзүңдү тапкан соң, жалгыздыкта Жаратканга жакындаган соң, жашоонун бейишин сезесиң!

Жалгыздыкта бактылуу боло алган адам гана түгөйү менен бактылуу боло алат! Баардык жакшылыктын башаты жалгыздыктан чыгаарын бир билсеңиз, табалагандан, сын көз караш менен карагандан, боор ооругандан баш тартмаксыз!», - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости