www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазында Ош шаарында 3 күндүк манас айтуу иш-чарасы уюштурулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-январь күнү Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов манасчы Дөөлөтбек Сыдыков, белгилүү журналист Элнура Кулиева жана уюштуруу тобу менен жолукту.

Жолугушуунун алкагында вице-мэр коомчулук арасында көөнөрбөс Манас дүйнөсү тууралуу жайылтып жаткан жакшы саамалык үчүн ыраазычылык билдирип, колдоого алаарлык демилгелер үчүн Ош шаарынын мэриясы ар дайым даяр экендигин кошумчалады.

Ага улай уюштуруучулар Ноорузга карата Ош шаарында 3 күндүк манас айтууну жана сүмөлөк фестивалын өткөрүү боюнча пландар менен ой бөлүшүштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости