www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“80 депутат өз кабинетин оңдоп-түзөөдөн өткөрдү, эми 60 депутат өзү компьютер алмай болду” - деди бүгүн, 22-январда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.

-Марлен Абдырахманович, айдоочуларды бекер бензин менен канча күн камсыздадыңыз?

-Негизи “Элге жардам берели” демилгесин маршрутка айдаган айдоочулар ишке чыкпай калганда уюштурдум. Иштегендер ишине жетпей, ишинен чыкса үйүнө жетпей кыйналбасын деп 60-80 машине уюштуруп, элдерди эртеден кечке акысыз ташыттым. Маршруткалар ишке чыгып калганда токтоттум.

-Мэр Балбак Түлөбаевди кызматтан алалы деген депутаттар да чыкты. Маршруткалардын иш таштаганы анын күнөөсүбү же бул айдоочулардын аргасыз аракетиби?

-Негизи эле, элден чыгарган болбойт. Маршрут айдагандарды дагы түшүнсөк болот. Бирок, иш күнү ишке чыкпай элди кыйнаган болбойт. Маселени чечебиз дешсе, эс алуу күндөрү жарымы ишке чыгып, жарымы мэрияга келип “забастовка” кылышса болмок. Баары иш таштап, элди кыйнабай. Бишкек шаарынын мэри кызматтан кетпей эле иштеши керек. Анткени, шаарда эмне болбосун ал башы менен жооп берет да.

-Ар бир депутат өз кабинетин ремонттосун деген демилге көтөрдүңүз эле. Ал аракетиңизден майнап чыктыбы?

-Ооба 80 депутат өз кабинеттерин ремонт кылдырды. Ал турсун жалпы аянтты оңдоп, түзөөгө да салым кошушту. Азыр өздөрү компьютер алсын деген маселе көтөрүп жатам. 60 депутат өзү компьютер алмай болду. Буюрса, дагы 20 депутатты макулдатабыз деп турабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости