www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетикалык сектордогу учурдагы абал тутумду кардиналдык реформалоого курч муктаждык бар экендигин көрсөтүп турат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков үстүбүздөгү күз-кыш мезгилинен өтүү боюнча кеңешмеде билдирди. 

«Керектөөчүлөр арасындагы дебитордук карыз өсүүдө, электр энергетикасындагы жоготуулардын деңгээли 12,4% дейре өстү. Муну менен катар жаңы энергетикалык жабдууларды оңдоого жана сатып алууга жүз млн сомдор бөлүнүүдө, ошол эле учурда жоготуулардын пайызы жогорулоодо. Энергетикалык объектилерди модернизациялоо боюнча бардык документтерди, тармактардын жана жабдуулардын абалын иликтеп чыгуу жана энергеткалык тутумдагы жоготуулардын негиздүү деңгээлин аныктап чыгуу зарыл», - деди ал. 

Өкмөт башчынын м.а. энергетикалык рынокту жөнгө салуу зарылдыгын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө өлкөнүн энергеткалык тутуму өз мүмкүнчүлүгүнүн чегинде иштеп жатат. Токтогул ГЭСиндеги суунун деңгээли 11,2 млрд метр кубду түзөт. Экономиканын өнүгүүсү жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүүсүз мүмкүн эмес. Жеке инвестицияларды жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун тартууга көңүл бурулушу зарыл.

Акыркы жылдары бир дагы МЖӨ түзүлөн эмес. Энергетикалык тутумдагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн уруксаат документтерин берүүнүн шарттарын жана механизмдерин колдон келишинче жөнөкөйлөтүү керек. Мындан тышкары, кичи ГЭС мүмкүнчүлүктөрү колдонулбай жатат. 258 чакан тилкелер мамлекеттин карамагында, бирок алар пайдаланылбай турат. Анда кичи энергетика обьектилерин куруу үчүн инвесторлор бар. Натыйжада, 1,5 млрд кВт/с бошотууга болот, бул тартыштыкты кыскартат.

Биз электр энергиясы рыногунун эркиндигин өнүктүрүүсүз, калкты электр энергиясы менен толугу менен камсыздай албайбыз. Жыл өткөн сайын энергетикалык тармак карызга батууда. Суунун көлөмү кыскарууда. Электр энергиясынын иштөө тартибин бекиткен, электр энергиясынын дүң рыногунун айрым эрежелерин кабыл алуу маселеси күн тартибине чыгарылышы кажет, анткени, 2025-жылы биз ЕАЭБдеги электр энергиясынын бирдиктүү рыногуна өтөбүз», - деди Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Артем Новиков белгилегендей, 2020-2021-жылкы күз-кыш мзгили кандайдыр-бир чектөөлөрсүз өтөт, бирок келечекти карап иш кылуубуз керек.   

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК менен биргеликте 2021-жылдын 15-февралына дейре төмөнкү тапшырмаларды аткаруусу тапшырылды:

- кичи гидроэнергетика тармагындагы бардык ыйгарым укуктарды, анын ичинде уруксаат берүү документтерине байланыштуу укуктарды бир органга өткөрүп берүү боюнча ченемдик-укуктук актылардын пакетин даярдоо; 

- электр энергиясын ишеп чыгуу, аны пайдалануу жана тартыштыгынын көлөмүнүн реалдуу картинасын, ошондой эле Токтогул ГЭСинин орточо жылдык толтурулушунун көрсөткүчүн калкка жеткирүү;

- энергетикалык тутумдагы электр энергиясынын жоготуу деңгээлин кыскартуу боюнча кадамдык иш-аракеттер планын иштеп чыгуу;

-  энергетикалык кубаттуулуктун тартыштыгын эске алуу менен 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилин өтүүгө дардык көрүү иштерин баштоо;

- болжол менен 1-2 млрд сом суммасына энергетикалык сектордун чыгымдарын оптималдаштыру боюнча долбоор даярдоо;

- 2021-2025-жылга энергетикалык сектордун туруктуу ишинин концепциясын киргизүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости