www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте милиция өкмөт үйүнүн жанындагы скверден орун алды

Бишкекте милиция өкмөт үйүнүн жанындагы скверден орун алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

"Абдымомунов көчөсүндө эки автобус токтоп турат. Айланадагы отургучтарда милиция кызматкерлери отурат", — деди кабарчы.

Учурда борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүп жатат.

Аянтка "Республика", "Бир-Бол", "Ата Мекен", "Чоң-Казат" партияларынын өкүлдөрү келишкен. Акцияга 500дөй адам катышууда.

Аталган партиялар 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын билдиришүүдө. Бул боюнча резолюция кабыл алышмай болду.

БШКнын алдын ала маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости