www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда лабораториялык изилдөөлөр сасык тумоодон түздөн-түз каза болгон учурларды тастыктаган эмес. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар кант диабети жана кан тамыр оорулары сыяктуу негизги дарттарды күчөткөн учурлар катталган.

Ошондой эле акыркы үч жылда кызамыктан 26 бала каза болгон. Алардын көбү беш жашка чейинки балдар болгон. Каза болгондордун 90 пайызы кызамыкка каршы эмдөөдөн өтпөгөн же бир жашка толо элек балдар экени айтылды.

Последние новости