www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында мопед жана скутерлердин санынын өсүшү менен жол кырсыктарынын көбөйүшү байкалууда.
Ушуга байланыштуу жаңы мыйзамдык талаптар күчүнө кирери тууралуу маалымдалды.
Маалыматка ылайык, 50 куб.см чейин кыймылдаткыч кубаттуулугу бар мопед жана скутерлерди башкаруу үчүн эми А1 категориядагы айдоочулук күбөлүк милдеттүү болуп саналат.
Айдоочулар атайын автоунаа мектептеринде окутуудан өтүп, теориялык жана практикалык билим алгандан кийин гана күбөлүк ала алышат.
Мындан тышкары, бардык мопед жана скутерлер авто транспорт каражаты катары милдеттүү түрдө каттоодон өтүп, мамлекеттик номердик белгилерди алууга тийиш.
Бул талаптар алардын жол кыймылындагы жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.
Жаңы тартипке ылайык, айдоочулук күбөлүгү же транспорт каражатын каттоо документтери жок болгон учурларда 184-берененин 2.1.1-пунктуна ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.
Мындан тышкары, транспорт каражаты айып короого токтотулат.
МККБнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул чаралар жол коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарын азайтуу максатын көздөйт.