www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Свердлов районунун аймагында тышкы жарнамаларды жана маалыматтык көрнөк-жарнактарды жайгаштырууда дизайн-коддун талаптарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында Курманжан Датка көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Чоң Чүй каналына (БЧК) чейинки тилкесинде, чыгыш тарабында, колдонуудагы талаптарды бузуу менен өз алдынча орнотулган 168 жарнамалык конструкция демонтаждалды.

Урматтуу ишкерлер жана мүлк ээлери!

Жарнама конструкцияларды жайгаштыруунун мыйзамдуулугун алдын ала текшерип, объекттердин сырткы жасалгасын бекитилген талаптарга ылайык келтирүүгө чакырабыз.

Шаардын бардык райондорунда өз алдынча орнотулган жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери туруктуу негизде улантылууда.

Последние новости