www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Этият болгула! – Иран АКШга эскертти

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШнын чалгын кызматы Иран жана Ормуз кысыгына байланыштуу эсептөөлөрүндө ката кетиргенин билдирди.

Аракчи бул тууралуу «X» социалдык тармагындагы баракчасына жазган.

- АКШнын чалгын кызматы өзүнүн ийгиликсиздиктеринен улам көптөн бери туура эмес эсептөөлөрдү жасап келет. Мунун ачык мисалы Иранга каршы согуш. Эми Ормуз кысыгына байланыштуу андан да чоң жаңылыш эсептөө болуп жатат, - деп белгилеген Ирандын тышкы иштер министри.

Постунун аягында Аракчи Вашингтонго эскертүү жасап:

«Жалган жаңылыктардан да жаманы – жалган чалгын маалыматтары. Этият болгула», - деп жазды.

Последние новости