www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузия суу ташкыны коркунучунан улам Орусия менен чек арадагы өткөрмө пунктун жапты. Бул тууралуу Грузиянын Ички иштер министрлиги билдирди.

 «Девдоракиде орнотулган жана дарыянын нугундагы эң кичинекей өзгөрүүлөрдү да аныктаган эрте эскертүү системасы сигнал берди. Протоколго ылайык, ошол учурда өткөрмө пунктта иштеп жаткан жарандар, патрулдук полициянын кызматкерлери, чек ара полициясынын кызматкерлери жана жеке компаниялардын өкүлдөрү эвакуацияланды», — деп айтылат билдирүүдө.

Коопсуздук максатында чек арага жакын жайгашкан Гвелети айылынын айланасында унаалардын жүрүүсүнө да чектөө киргизилди.

Последние новости