www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусундагы Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон үч альпинистти издөө учурунда болжол менен 4,5 миң метр бийиктиктен рюкзак жана кызгылт сары түстөгү буюм табылды. Издөө-куткаруу тобунун мүчөсү Александр Смирновдун айтымында, буюмдар альпинисттердин бирине тиешелүү болушу мүмкүн.

13-августта издөө иштери тик учак жана дрон менен жүргүзүлүп, тоонун 6 миң метрге чейинки аймактары каралды. Бирок аба ырайынын начарлашынан улам иштер токтотулган.

Адистер рюкзак жогору жактагы 5,1–5,3 миң метр бийиктиктеги татаал тилкеден кулап түшүшү мүмкүн деп болжолдошууда. Табылган буюмдар мындан аркы издөө багытын аныктоого жардам берет.

Белгилей кетсек, Беларустун жана Литванын жарандары 2-августтан бери байланышка чыга элек.

Последние новости