www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамсыз балык уулоо боюнча 226 факты аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамсыз балык уулоого жана браконьерликке каршы күрөштү күчөтүүдө.

2026-жылдын жети айында мыйзамсыз балык уулоо фактыларын аныктоо жана алдын алуу максатында 170 текшерүү жана рейддик иш-чара өткөрүлгөн.

Иш-чаралардын жыйынтыгында 226 мыйзам бузуу фактысы боюнча жоопкерчилик чаралары көрүлүп, жалпы 470 миң 500 сом айып пул салынган.

Ошондой эле жаратылышка келтирилген зыянды өндүрүү боюнча 1 млн 59 миң 198 сомдук доолор коюлган.

Мындан тышкары, суу объектилеринен мыйзамсыз коюлган 99 миң 220 метр балык уулоочу тор чыгарылып алынган.

Бул дээрлик 100 чакырымга жакын синтетикалык торду түзөт.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамсыз балык уулоого жана браконьерликке каршы рейддик иштерди улантат.

Последние новости