www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы апрелде таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна тендер жарыялоого ниеттенип жатат. Бул тууралуу «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Адилет Маматов билдирди.

Анын айтымында, май айында Бишкектин учурдагы таштанды полигонунан 500 метр алыстыкта жаңы таштанды төгүү жайы курула баштайт. Ал 2020-жылы жазында пайдаланууга берилгенден кийин, анын аймагында таштандыларды ылгоо заводу салына баштайт.

Бул долбоордун жалпы суммасы 22 миллион еврону түзөт. Каражатты Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы бөлөт. Анын жарымы грант, калган бөлүгү насыя катары берилет.

Завод пайдалуу ресурстарды, анын ичинде пластиктерди, металлдарды, курулуш жана органикалык таштандыларды ылгап чыгат. Алар жеке кайра иштетүүчү заводдорго сатылат. Азырынча мэрия таштанды сатуудан канча акча иштеп таба тургандыгы эсептелген эмес.

Муниципалитет заовддун курулушу 2021-жылдын мартына чейин аяктайт деп пландап жатат.

Мэрия борбордо таштанды заводун куруу планы тууралуу 2017-жылдан бери билдирип келет.

Последние новости