www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жума күнү, 29-мартта, “Северэлектро” ААКнын электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасы Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 8000 турмуш-тиричилик абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрөт. Карыздардын жалпы суммасы 12,5 млн. сомду түзөт.

30, 31-март күндөрү дем алыш күңдөргө туш келгендиктен “Северэлектро” ААК абоненттерди ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат.

Эске салсак, “Северэлектро” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. «Quickpay», «АсИсНур», «UMAI», «Terempay», «KICB», «БТА Банк»төлөм терминалдарынан, ошондой эле «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктарынан, «Кыргызпочтасы»  МИ, «Дос Кредо Банк», «Айыл Банк»,«БТА Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн  электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Северэлектро” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

“Акылдуу” эсептегичтер менен камсыз болгон электр энергия керектөөчүлөрү төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөнү үчүн аралыктан өчүрүлөт. Абоненттер карызды толук төлөп, “Северэлектро” ААКнын серверине төлөм тууралуу сигнал келгенде автоматтык түрдө электр энергиясы менен камсыз болот.

Терең урматтоо менен "Түндүк электр" ААК басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости