www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте үлүш ээлери Жогорку Сотттун алдына митингге чыгышты

Бүгүн, 15-декабрда, «Иска Строй» курулуш компаниясынын үлүш ээлери Жогорку соттун имаратына чогулушту. Беш жылдан ашуун убакыттан бери митингчилер компаниянын негиздөөчүсү Нарынбек Сариев менен соттошуп келишет.

Митингчилердин бири Гүлмира Оболбекованын айтымында, адамдар кыймылсыз мүлкүн курулуп жаткан үйдө, анын ичинде Ысык-Көлдө турак жайга алмаштырышкан бирок, ушул күнгө чейин алардын ордуна эч нерсе ала элек.

«Биз Токомбаев көчөсүндө жайгашкан 10 кабаттуу имараттын батирлерин толугу менен төлөп бергенбиз, бирок аягында беш кабат гана курулган. Мунун бардыгы Нарынбек Сариев шайлоо өнөктүгүнө акча салгандыктан болду. Беш жыл мурун ал парламентке баргысы келген.

Биз Сариевге каршы доо арыз менен кайрылдык. Беш жылдан бери жабыр тарткан 140 үлүш ээлери ижарага алынган батирлерде жашап келишкен. Ушул убакыт аралыгында бир нече адам нервтен улам көз жумган», – деди Оболбекова.

Митингчилер кошумчалагандай, бүгүн соттук коллегия алардын арызын карашы керек болчу, бирок иш кийинкиге калтырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости