www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Жо Байденди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайты жазды.

Путиндин куттуктоо телеграммасында жаңы шайланган президентке ийгилик каалап, Орусия менен АКШ көптөгөн пикир келишпестиктерге карабай, учурда дүйнө эли каршылашып жаткан глобалдык маселелерге чечим табарына ишеним билдирген.

Орусия президенти эки тараптын жана эл аралык коомчулуктун кызыкчылыгын коргогон орус-америка кызматташтыгы тууралуу сөз кылган.

«Өзүм тараптан мамиле түзүп, сүйлөшүү жүргүзүүгө даярмын», — деп жазган Путин.

7-ноябрда АКШдагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыгып, анда «Демократтар» партиясынан талапкер болгон, мурдагы вице-президент Жо Байден жеңгени аныкталган.

Байдендин жеңишин бир топ өлкөлөр куттуктаганы менен алардын катарында ири державалар Кытай менен Орусия болгон эмес. Кремль шайлоо боюнча пикирин билдирип, АКШнын лидери ким болсо да иштеше берерин айткан. Ал эми Бээжин азырынча жыйынтыкты акыркы деп эсептебей жаткандыгы менен түшүндүргөн болчу.

Кийинчерээк 12-ноябрда Кытай Байденди жеңиши менен куттуктаган телеграммасын жиберген. Ал эми Путин бүгүн, 15-декабрда АКШнын Шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрү штаттардагы добуштарды эсептөөнүн жыйынтыгында президент болуп Жо Байден шайланганын тастыктаган соң, куттуктоо катын жолдоду.

Жо Байден 59-жолу өткөрүлгөн президенттик шайлоону жеңип, АКШнын 46-президенти болду. Ал учурда 78 жашта.

Акыркы расмий жыйынтык Конгресс тарабынан 2021-жылдын 6-январында бекитилет, ал эми АКШнын жаңы президентинин инаугурациясы 20-январда өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости