www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын милициясы өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаранды кармады.
Ведомствонун маалыматы боюнча, С.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2025-жылдын 14-ноябрында белгисиз адамдар электрондук капчыктагы техникалык мүчүлүштүктөн пайдаланып, акчасын үчүнчү жактардын электрондук капчыктарына которуп, 23 миллион сомдук материалдык зыян келтиришкен. Буга байланыштуу чара көрүүнү суранган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
«2000-жылы туулган А.Э. аттуу шектүү аныкталып, эки айга камакка алынды», - деп айтылат маалыматта.