www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ГКНБнын маалыматына караганда, Кыргызстандын жараны Б.у.Т. өзүнүн «жогорку кызматтагы тааныштыгы бар» деген жалган маалыматы аркылуу ири суммадагы акча каражатын алган деген шек менен кармалган.
Тергөөнүн версиясына ылайык, ал жаран Д.А.А. менен ишеним мамилесин түзүп, өзүнө байланышы бар деп көрсөткөн КР Министрлер Кабинетинин төрага орун басары – ГКНБ төрагасынын атын айтып, ар түрдүү маселелерди чечип берем деп системалуу түрдө акча алып турган. Натыйжада 2024–2025-жылдар аралыгында ал ири өлчөмдөгү каражатка ээ болгон.
Текшерүү учурунда шектүү жарандарга өз телефонунда «ГКНБ төрагасы Ташиевдин өз үйүндө берген белеги» катары көрсөткөн ковер-портретти далил катары айтып жүргөнү аныкталды. Бирок сүрөттөгү деталь кылмыштын бетин ачкан: анда генерал-полковник Ташиев үч эмес, төрт жылдыз менен чагылдырылганы белгилүү болуп, жалган экени аныкталган.
Бул факт боюнча ГКНБнын Тергөө башкы башкармалыгы КР Жазык кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш ишин козгоду. Шектүү Б.у.Т. ГКНБнын СИЗОсуна киргизилди.