www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыз ооруканага жеткирилгенден кийин, алган жаратынан улам эсине келе албай үч сааттан соң көз жумган. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка караганда, өтө оор абалында Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ал кыздын башы катуу жабыркап, бир нече жери сынган.

Эске сала кетсек, кечээ, 6-ноябрда Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан имараттын 11-кабатынан бир кыз секиргени жаткан видео социалдык тармакка таркаган болчу. Бирок ал видеодо кыздын кулаган жери тартылган эмес. Анткен менен кийинчерээк көпчүлүктүн көз алдында бир кыз имараттан секирип кеткени жөнүндө маалымат тараган.

Бул тууралуу Бишкек милициясы курулуш таштандыларынын үстүнө түшкөн ал кыз тирүү калганын билдирген. Ошондой эле аны “Тез жардам” унаасы ооруканага алып кеткени айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости