www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анкарадагы Бештепе «Миллет» конгресс жана маданият борборунда Анкара университетинин теология факультетинин 70 жылдык мааракесине катышкан Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган сөз сүйлөдү. Ал АКШнын Сирияда жүргүзгөн оперциясында Багдадинин туннелде өзүн өзү жардырып жок кылганын эске салып: «Биз дагы аялын кармадык бирок биз чуу салган жокпуз. Муну биринчи жолу бүгүн жарыялап жатамын. Ошондой эле Багдадинин карындашын, жездесин да кармадык. Биз бул жаатта иштерибизди улантып жатабыз»,-деп айтты. Бул тууралуу ТРТ басылмасы жазып чыкты.
Террорчулардын өз кызыкчылыктары үчүн күнөөсүз адамдарды мыкаачылык менен өлтүргөн кишилер экенин, ошондуктан мусулман террорчу болбой турганын баса белгилеген Эрдоган: «Уялбастан, тажабастан «Исламий террор» сөзүн колдонгон Батыш, эң оболу өзүн күзгүдөн карашы керек. Эгерде террорчу издеп жатсаңар, алар өзүңөрдө. Ислам атын жамынып террордук кылмыштарды кылгандардын үстү-башын текшерип, иликтеп көргүлө, алардын астынан Ислам душмандары чыгат», -деп айткан.
Булак: NazarNews.kg