www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахеманды өлтүрүп, Кочкор тарапка көөмп салган кылмышка шектүүлөрдүн арасында мурда милицияда иштеген эки милиция кызматкери да бар. Бул тууралуу жергиликтүү ар кайсы басылмалар “өздүк булактарыбыз билдирди” дегенге таянып жазышууда. Бирок, бул тууралуу Бишкек милициясы тараткан расмий маалыматта да айтылат.

Андагы маалыматка үңүлсөк, кылмышка шектүүлөрдүн арасында Нарын областында 1964-жылы туулган К.Э. аттуу жаран пенсиядагы милиционер экендиги, ал эми экинчиси Бишкекте 1990-жылы туулган Ш.У. Чүй облустук ичик иштер органдарында 2010-жылдан 2014-жылга чейин иштегени айтылат. Алдын ала маалыматтарга ылайык, биринчиси, пенсионер-милиционер К.Э. органда иштеп турган мезгилинде, тагыраагы, 2016-жылы акча талап кылуу айыбы менен жоопко тартылган. Азыр ал ишкерди өлтүрүүнү уюштурган деген айып менен шектелүүдө. Экинчиси ишкерди өлтүрүүгө катышкан деген шек менен кармалды. Ошону менен эле бирге экинчи экс-милиция “М.Т.”нын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары да белгиленүүдө.

Эскерте кетсек, дээрлик 15 күндөн бери дайынсыз болуп, туугандары жана милиция тарабынан изделип жаткан Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын сөөгү 19-октябрда Нарын облусунун Кочкор районунан табылган.

Маалыматтарга ылайык, анын өлүмүнө шектүү катары 5 жаран кармалып, төртөө камакка алынган.

5-октябрь күнү Свердлов РИИБине Бишкек шаарынын тургуну И.З. аттуу жаран кайрылып, 1981-жылы туулган бир тууганы Хафур Абдурахеман дайынсыз болуп жаткандыгын айтып, издөө иштерине колдоо көрсөтүүсүн өтүнгөн.

Аталган жаран 4-октябрь күнү, кечки саат 18:00дөр чамасында “Мадина” базарынан ак түстөгү (мамлекеттик номуру 03 KG260 ABJ) «BMW Х5» автоунаасы менен кеткенден кийин дайынсыз болуп болуп келген. Аталган факт Свердлов РИИББи тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости