www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобо айыл чарба, жайыт жерлеринин мамлекеттик фондунун, мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө коруктагы аймактардын, ден соолукту чыңдоочу багыттагы жаратылыштык аймактардын жерлеринен башка мамлекеттик менчиктеги жерлерди жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга пайдаланууга берүү тартибин аныктайт.

Жободо электрондук аукцион тартибинде объекттердин жеңилдитилген тибин белгилөө үчүн мамлекеттик жер пайдаланучулардын жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берүү каралган.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн:

- «Жерлерди пайдалануу (иштетүү) укугун (өзгөртүүгө уруксат берүү) берүү жөнүндө өтүнмөлөрдү кароо жана козгоо тартиби жөнүндө» 1998-жылдын 27-январындагы № 55 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын жер фондунун категорияларынын жер тилкелерин кадастрлык баалоо боюнча Жобону бекитүү жөнүндө» 2004-жылдын 2-сентябрындагы № 660 токтому күчүн жоготту деп таанылды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости