www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги коомдук унаадан 40 миң доллар уурдалды

Кечээ, 26-январда саат 18:08 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына 7-апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен коомдук кичи автобустун ичинен баштыгы уурдалган жаран кайрылган. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, окуянын чоо-жайын тактады.

Арыз ээси — 1979-жылы туулган О.Н. билдирген маалымат боюнча, коомдук унаанын ичинен баштыгын белгисиз адамдар уурдап кеткен. Анын ичинде «Редми-9» үлгүсүндөгү чөнтөк телефону жана 40 000 доллары бар экенин айтты.

Арыздын негизинде ыкчам кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүү катары 1984-жылы туулган К.Б. кармалды. Аны кайгуулчулар Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости