www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги оңдоо иштери үчүн жабылган көчөлөрдүн тизмеси

Бишкек мэриясы оңдоо иштерин жандантканына байланыштуу кээ бир көчөлөр толугу менен же жарым-жартылай жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта шаардык муниципалитеттен билдирди.

Жолдорду оңдоо жана реконструкциялоо Кытай грантынын эсебинен каржыланууда. Мэриянын маалыматы боюнча, көпчүлүк көчөлөрдү оңдоо иши былтыртан бери уланып келе жатат.

30-марттан тарта жабылган көчөлөрдүн тизмеси:

Гидростроитель көчөсү, Курманжан датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин оңдолуп, Эне-Сай конушундагы Аламүдүн дарыясына көпүрө курулат;

Сухэ-Батор көчөсү, Каралаев көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин (көпүрө куруу дагы каралган);

Карасаев көчөсү, Юнусалиев көчөсүнөн Кара-Дарыя көчөсүнө чейин;

Кривоносов көчөсү;

Маликов көчөсү, Гагаринден Лев Толстойго чейин;

Тимур Фрунзе көчөсү, Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев жолуна чейин;

Манас көчөсү, Ташкент көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин;

Месарош көчөсү, Дэн Сяопин көчөсүнөн Жамгырчинов көчөсүнө чейин;

Эр-Тайлак көчөсү, Арча-Бешик көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейин;

Жантөшев көчөсү, Байтик баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин;

Жайыл баатыр көчөсү, Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин (Арча-Бешик жаңы конушу);

Өмүр көчөсү, Алыкулов көчөсүнөн Тагай бий жолуна чейин;

Жунусалиев көчөсү, Гагаринден Ахунбаевге чейин;

Курултай көчөсү, Магистральныйдан Ынтымак конушундагы Кожомкул көчөсүнө чейин;

Садыбакасов көчөсү;

Бектенов көчөсү, Карасаевден Горькийге чейин;

Шералиев көчөсү, Жайыл баатырдан Арча-Бешик конушундагы Ахунбаевге чейин.

Мэрия айдоочуларга альтернативдүү жолдорду тандап алууну сунуштайт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости