www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Джо Байдендин администрациясынын максаттары тууралуу Ак үй америка элине калп айтып жатат, деп билдирди АКШнын президенттигине мурдагы талапкер Тулси Габбард Fox News телеканалына. Анын пикиринде, Байдендин Польшада сүйлөгөн сөзүндө Владимир Путин тууралуу кескин билдирүүсү боюнча эч кандай эскертүү болгон эмес.

«Президент Байден жөн гана өзүнүн администрациясынын максаттарын үнүн чыгарып айтты, бул Орусиядагы бийликти алмаштыруу, Путинди бийликтен кетирүү. Алар экономикалык согуштун негизги каражаттарын колдонуу менен өз максатына жетип, Орусияны заманбап блокадалоону, аны изоляциялоону камтууда. Бул орус калкына зыян келтирип, орус жарандары же аскерлери көтөрүлүп, алардын өкмөтүн кулатып, Путинден кутулат деп үмүттөнүүдө», - деди Габбард.

Саясатчы Америка Кошмо Штаттарынын тургундары Американын кызыкчылыктарынын зонасында турган мамлекеттердин иштерине Ак үйдүн кийлигишүүсүнөн чарчаганын баса белгиледи.

«Алар билишет, биздин өлкө тынымсыз башка мамлекеттердеги бийликти алмаштырууга аракет кылып жатканынан биз абдан чарчаганбыз. Ирак, Ливия, Сирия жана башка мамлекеттердеги согуштар канчалык кыйратуучу жана кымбатка турганы эсибизде. Биз муну таптакыр кабыл албайбыз. Ошондуктан, эгер алар чындыкты айтса, алардын рейтинги азыркыдан да төмөндөп, саясаты жабыркайт», - деди.

Эске салсак, буга чейин Польшадагы сапары учурунда Байден Украина Москва үчүн «эч качан жеңишке жетишпейт» жана орус лидери «өз кызматында кала албайт» деп айткан.

Кийинчерээк Ак үй президент Орусияда бийлик алмашууну билдирбейт деп түшүндүрүп, андан кийин Байден өзү тиешелүү суроого терс жооп берген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости