www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Баткендеги базар наркы кандай?

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен мамлекеттик материалдык резервдер фондунан кумшекер, өсүмдүк майы Баткен облусуна да жеткирилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө, КРнын ӨКМге караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Баткен облусуна бөлүштүрүлгөн (кум шекер 130,0 тонна, өсүмдүк майы 60,0 миң литр) арзандатылган баада, кум шекер 1 кг 65 сомдон, өсүмдүк майы 1 литри 124,5 сомдон Бишкек шаарынан Баткендин жергиликтүү жеке ишкерлери тарабынан сатылып алынды.

Учурда Баткен облусунун район шаарларына 97,0 тонна кум шекер, 41,0 миң литр өсүмдүк майы жеткирилип, кум шекер 1 кг 70-71 сомдон, өсүмдүк майы 1 литри 130 сомдон сатылууда.

Азык-түлүктөр райондук мамлекеттик администрациялардын, шаардык мэриялардын уюштуруусу менен жер-жерлерде сатылып жатат.

Белгилей кетсек, облус аймагындагы базарларда, азык-түлүк соода түйүндөрүндө азык-түлүктөрдүн бааларын себепсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, облус башчысынын көзөмөлүндө. Учурда азык-түлүккө болгон тартыштык жок.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости