www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери мамлекетке 7,8 миллион сом зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Транспорттук прокуратура тарабынан ИИМдин алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинде текшерүү иштери жүргүзүлдү.

"Жыйынтыгында мекеменин жооптуу кызматкерлери тарабынан Sigma Compact 200 үлгүсүндөгү асфальт чыгаруучу мобилдик заводун кошумча нарк салыгы төлөнбөгөнүнө жана бажы тарабынан көйгөйлөр болгонуна карабастан мыйзамсыз каттоодон өткөрүшкөн. Натыйжада мамлекетке 7 миллион 803 миң сом зыян келтирген", — деп айтылат көзөмөл органынын билдирүүсүндө.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянттык менен пайдалануусу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости