www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу Орусиянын элдик кошуунунун өкүлү Эдуард Басурин билдирди. Буга чейин Ыстамбулдагы сүйлөшүүдө Москва менен Киевдин өкүлдөрү Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуш алмашкан.

"Донецк элдик республикасынын" элдик кошуундары Донецктеги көп кабаттуу үйдү аткылоонун натыйжасында жети адам жарадар болуп, бирөө набыт кетип, үч кабаты талкаланганын билдирген.

Эске салсак, Орусия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атады. Бул үчүн, анын айтымында, "Украинаны демилитаризациялоо жана деназиялоо" жүргүзүү, Донбасста "жай тургундарга каршы кандуу кылмыштарга" жооптуу бардык согуш кылмышкерлерин жоопко тартуу пландалууда.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Куралдуу күчтөр аскердик инфраструктурага жана украин аскерлерине гана сокку урууда жана 25-мартка карата алар биринчи этаптын негизги тапшырмаларын аткарышты – алар Украинанын күжүрмөн потенциалын бир топ кыскартты. Орус аскер департаментиндеги негизги максат Донбассты бошотуу деп аталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости