www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук орусиялык аскерлер Чернобыль атомдук станциясынын аймагынан чыгып кетиши керек экенин айтты. Анын мындай сөзү камтылган видеокайрылуусу 30-мартта украин президентинин Телеграмдагы каналына жарыяланды.
«Биз Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши өзөктүк кырсыктын кайталанып кетишин алдын алуу үчүн Чернобыл аймагын аскердик күчтөрдөн бошотуу жана БУУнун атайын миссиясын ишке киргизүү багытында чукул чараларды көрүшүн талап кылабыз», - деди Верещук.
Ал Украина 29-мартта өткөн сүйлөшүүлөрдө Орусияга согуштан катуу жабыркаган шаарлар менен кыштактардын калкын чыгарып кетүү үчүн 97 коридор ачууну сунуш кылганын кошумчалады.
Орусиянын күчтөрү Чернобыл АЭСине 24-февралда көзөмөлүн орноткон. Буга карабастан атомдук станцияны украин адистери тескеп келет.
29-мартта Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси Киевге келип, Украинанын атомдук станцияларынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча украин өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
1986-жылдын 26-апрелинде Чернобыл станциясында дүйнөнүн атом энергетика тарыхындагы эң ири кырсык болгон. Радиоактивдүү түтүн Беларусту да каптап, андан ары кара туман Орусиянын айрым жерлерине жана Европанын көп бөлүгүнө тараган. Чернобылдын акыркы реактору 2000-жылдары ишин токтоткон.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg