www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык кеңеши жер алдынан өтмөктөрдөгү соода түйүндөрүнүн сатуучуларына карантиндик мезгил үчүн ижара акысын төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу сатуучулар өздөрү журналисттерге билдиришти.

Өз нааразычылыгын билдирүү үчүн сатуучулар Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсү жана Манас менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги өтмөктөрдөгү сатуучулар соода түйүндөрүн жаап, шаардык мэриянын алдындагы митингге чыгышты.

«Бизге ижара акысын эки айга, башкача айтканда, апрель жана май айларына, биз карантинге алынган мезгилде төлөшүңөр керек деп айтышты. Бирок ал учурда биз иштеген жокпуз», – деди сатуучулардын бири. Анын айтымында, ар бир ижарачы соода түйүнүнүн көлөмүнө жараша айына 7 миңден 15 миң сомго чейин төлөшкөн. 

Митингге чыгууларынын себеби, иштебеген күндөрү үчүн талап кылынып жаткан күрөө парасы, негизсиз. Анткени, сатуучула өз каалоосу менен ишке чыкпай коюшкан эмес. Киреше болбогондон кийин, кайдагы чыгаша деп, сатуучулар айла таба албай жатышканы үчүн митингге чыккандарын айтышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости