www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги мыйзамсыз орнотулган тосмолор асфальт төшөө иштерине тоскоолдук жаратып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 19-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүктө асфальт төшөө иштери аяктады, ал эми Үсөнбаев көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тоскоолдуктар бар.

Свердлов райондук акимиатынын, «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынан жана "Чүй прокси" курулуш компаниясынан турган жумушчу комиссия аталган дарекке келип, текшерип чыгышты. Бул жерде болжол менен 5 үйдүн ээлери мыйзамсыз тосмолорду орнотуп алышкан.

Текшерүү учурунда муниципалдык жерди кайтаруу чечими кабыл алынып, мыйзамсыз тосмолорду бузуу үчүн жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына кат жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, электр чубалгыларынын мамычалары да тоскоолдуктарды жаратып жаткандыктан, «Чыгыш Рэс» темир бетон түркүктөрүн жылдырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости