Бишкектеги сейил бактарында соода жайларын ижарага алууга боло. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, комиссиянын чечими менен төмөнкү сейил бактардын тизмеси бекитилген:
- А. Боталиев;
- Ч. Түлөбердиев;
- Жаштар паркы;
- Ю. Фучик паркы;
- Кайың багы;
- Жаңгак багы;
- Каражыгач токою.
Андан сырткары, Ынтымак-1, Ата Түрк, Адинай жана Д.Асанов атындагы сейил бактарында.
Аталган парктарда соода объектилери үчүн орундарды ижарага алууга болот.
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жыл 16-декабрдагы токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Бишкек шаарыны мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинде шаардын сейил бактарындагы орундарды ижарага берүү пландалууда.
Тиркемелер соода жана эс алуу кызматтарынын төмөнкү түрлөрүнө кабыл алынат:
Сатууга:
- балмуздак;
- суусундуктар;
- жүгөрү;
- таттуу пахта;
- попкорн;
- балдар оюнчуктары;
Ижарага:
- велосипед;
- самокат;
- балдар паравозу;
- балдар үчүн машиналар;
Башка:
- кубат өлчөгүч;
- балдар батуту;
- балдар аянтчасы;
- балдар кыдыруучу аттракциондор.
Ижарага берүүгө арыздар 09:00 дөн 17:00 гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Чокморов көчөсү, 246, 24 каб.
Булак: NazarNews.kg